Жаңылыктар
30-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
30-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 30-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда -1...-6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +4...+6 градус болушу күтүлөт.