Ак-Талаа районунда дарыгерлер жетишсиз. Алардын ордуна башка ак халатчандар кошумча жүктөм менен иштөөгө аргасыз. Учурда райондо 24 өмүр сакчысынын оорду бош турат. Медицина кызматкерлеринин тартыштыгынан дарыгерлерге карата нааразылыктар да айтылып келет. Жергиликтүү оорукана жетекчилиги башка аймактардан дарыгерлерди тартуу менен абалдан чыгып жатканын айтууда.