Жаңылыктар
Бүгүн "Ош" базары иштебейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн "Ош" базары иштебейт

26-январда Бишкектеги "Ош" базары иштебейт. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясы таратты.

Анда аталган базарда 31-январда өтө турган санитардык күн 26-январга жылдырылгандыгы белгиленген. Мэрия мындай чечим Өзбекстандын президентинин сапарынан улам Бишкектеги айрым жолдордун жабылгандыгы менен байланыштуу кабыл алынгандыгын билдирди.