Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуунун алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.