Жаңылыктар
Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда бензиндин баасы 5-6 сомго арзандашы күтүлүүдө. 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, январь айынан тарта бензин тобундагы күйүүчү майдын дүң баасында төмөндөө тенденциясы байкалды. Бул чекене баага дагы таасирин тийгизиши керек. 

“Жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Ошондой эле нефтетрейдерлерде күйүүчү-майлоочу майлардын 1-1,5 айлык кору болушу керектигин эске алуу зарыл”, - деп айтылат маалыматта. 

Монополияга каршы кызматы күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана себепсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүдө.