Бүгүн баштала турган Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу министрлик коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.
Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.