Тышкы карыз социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштырылат.
Учурда турак жайды каржылоо программасынын алкагында ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка бардык аймактын жашоочуларына берилүүдө.
Программаны Германия өкмөтү өнүктүрүү банкы аркылуу каржылайт. Буга чейин Кыргызстанга 5 миллион еврого жакын каражат биринчи транш менен бөлүнгөн.
Мындан тышкары, бардык аймактарда “Мамлекеттик ипотекалык компания” аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды курууга республикалык бюджеттен каражат да бөлүнөт.