Профсоюздар Федерациясы жаңыча иш алып барат. Укук коргоочу уюмдар менен биргеликте бир топ кызматкерлердин жумуш берүүчүлөр менен болгон келишимдерин карап чыгууда.
Жыл сайын миңге жакын жаран өндүрүш маалында түрдүү жаракат алат. Арасында майып болуп калганы да бар. Бул учурда жумуш берүүчү кызматкердин иш тажрыйбасынын негизинде толук шарттарды түзүп бериши керек.
Азыркы тапта профсоюздун карамагында алты эс алуу жайы, 20 дан ашык мектеп балдары үчүн лагерлер бар. Эми эс алуу имараттарынын абалын жакшыртып, жыл сайын миңдеген кызматкерлерге шарт түзүү боюнча долбоорлор ишке ашат.