Жаңылыктар
Мектептерге насаатчы институту киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге насаатчы институту киргизилет

Мектептерди инновациялык багытка жетелөө максатында коомдук башталыштагы насаатчы институтун киргизүү аракети башталды. 

Өлкөдө 5 миңге жакын илимдин кандидаттары, докторлору бар. Аларды илимий жетекчи катары билим уяларына дарс окутуу тажрыйбасы киргизилет. Бул тууралуу «Мамлекеттик мектептердин инновациялык өнүүгүсүндө илимий жетекчилердин ролу» республикалык семинарында кенен талкууланып, биргелешип иштешүү боюнча меморандумга кол коюлду. 

Максат - инновациялык ойлоп табуучулук чөйрөгө дем берүү, тиешелүү тармактарда көндүмдөрдү, пайдалуу базалык билимдерди алуу жана жаңы багытта билим берүүнүн сапатын мындан ары өнүктүрүү.