Жаңылыктар
Москвада мекендешибиз пенсионердин жоголгон телефонун кайтарып берди
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада мекендешибиз пенсионердин жоголгон телефонун кайтарып берди

Жакшылык жерде калбайт. Москвалык пенсионер жоголгон телефонун кайтарып берген кыргызстандыкка ыраазычылык билдирүү үчүн, өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылган. 

Москвада Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган Алтынбек Алиев пенсионерге жоголгон телефонун кайтарып берди. Людмила Касперовна смартфонун кайра көрүүгө үмүттөнгөн эмес, бирок дүйнө жакшы адамдардан куру эмес.

Кыргызстандыктын мындай жакшылыгына шыктанган телефондун ээси, Алтынбекке, уулуна татыктуу тарбия берген анын ата-энесине ыраазычылыгын билдирүү максатында элчиликке кайрылууну чечкен.

Бөтөн жерде башкаларга үлгү көрсөткөнү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүк мекендешибизге ыраазычылык катын, баалуу белектерин тапшырды.