Айтматовдун көзү тирүүсүндөгү маданий, адабий, руханий байланыш кыргыз-казак элине азыр абадай керек.
Мындай пикирлер улуу ойчул, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эки элдин интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн форумда айтылды. Көркөм дөөлөттөрдү жараткан калемгердин чоң мурасы дүйнө элине калды. Мындан улам Айтматов өзү чексиз тема болсо, анын чыгармалары түбөлүктүүлүк сапарында жашап жатат.