Жаңылыктар
Бишкекте аялдар үчүн рак ооруларына каршы акысыз текшерүү болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте аялдар үчүн рак ооруларына каршы акысыз текшерүү болот

Чүй облусунда жашаган аялдар 25-27-январь күндөрү онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 25тен 60 жашка чейинки аялдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саат 12:00дөн 16:00гө чейин барып кайрылса болот. 

Анда оорулардын бар-жогун аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Мындай акция Ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата бул илдеттин алдын алуу жана өрчүп кетишине жол бербөө максатында уюштурулууда. 

Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5 жарым миң жаңы учуру катталарын белгиледи.