Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо бүгүн башталды.
Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-жылдан 2022-жылга чейин электрондук кезекке тургандар 1 миң доллар каражатты "РСК банкка" төлөшү керек.
Төлөнгөн дүмүрчөктү 24-январдан 14-февралга чейин облустук, райондук, шаардык казыяттарга алып барышы кажет. Төлөмдү банкка төлөбөгөндөр электрондук кезектен алынат.
Ал эми биринчи жолу ажылыкка баруу үчүн кезекке туруп жаткандар каттоодон өтүп, 20-февралдан 6-мартка чейин аталган банкка 1 миң доллар төлөшү шарт.