Жаңылыктар
Ак-Буура каналы реконструкцияланат
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Буура каналы реконструкцияланат

Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы канал жаңыртылат. 

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшырат. 

Мерчемделген жумушту ишке ашырууга 17 млн 870 миң евро бөлүнүп берилет, анын ичинде насыялык келишимге ылайык - 14 млн 130 миң евро, гранттык макулдашууга ылайык - 3 млн 740 миң евро”. 

Парламенттин тармактык комитети аталган мыйзам долбоорун жактырды.