Жаңылыктар
Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 24-январда башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 24-январда башталат

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 24-январда башталат. 

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-жылдан 2022-жылга чейин электрондук кезекке тургандар 1 миң доллар каражатты "РСК банкка" төлөшү керек. Төлөнгөн дүмүрчөктү 24-январдан 14-февралга чейин облустук, райондук, шаардык казыяттарга алып барышы кажет. Төлөмдү банкка төлөбөгөндөр электрондук кезектен алынат. 

Ал эми биринчи жолу ажылыкка баруу үчүн кезекке туруп жаткандар каттоодон өтүп, 20-февралдан 6-мартка чейин аталган банкка 1 миң доллар төлөшү шарт.