Жаңылыктар
Бюджеттик органдарда эмгектенгендердин айлык акысы 200% көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бюджеттик органдарда эмгектенгендердин айлык акысы 200% көбөйдү

Финансы министрлиги узаган жылда бюджеттик органдарда иштеген кызматкерлердин маянасы 200 пайызга же эки эсе жогорулаганын билдирди. 

Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө 32 миллиард сомдон ашуун каражат каралган. 

Эмгек акынын орточо өсүшү, билим берүү жана илим кызматкерлери — 1,8 эсеге, медициналык кызматкерлери — 1,5, маданият, маалымат жана спорт кызматкерлери — 2, социалдык коргоо кызматкерлери — 2, мамлекеттик жарандык кызматтагылар — 1,8; муниципалдык кызматкерлер — 1,77; мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматчылар — 1,7; техникалык тейлөөчү адис — 1,6; кенже тейлөөчү персонал — 1, 5; жалданган адистики 1,7 эсе көбөйгөн. 

Ошондой эле аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралганы белгиленди.