Ош облусунун Алай районунда муздун астынан 6 жашар кыздын сөөгү чыгарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылынан агып өткөн суунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаштагы кыз чана тээп жатып түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу, ИИМден бир кызматкер, айыл аймагынан 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, сөөк муздун астынан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.