Кир жуугуч жарым автомат машиналарын чыгарган Оштогу кыргыз-өзбек биргелешкен өндүрүш ишканасы жакында товарларын чет мамлекеттерге экспорттоону пландоодо. Алгачкы багыт - ЕАЭБ өлкөлөрү. Кошмо ишкананын сырьёлору Өзбекстандан ташылса, Кыргызстандан куралып, топтоштурулат. 2018-жылы ишке киргенде 30дай адам иштесе, өндүрүш улам кеңейип отуруп, учурда 40тан ашык жумушчу бар. Башта 6 килограммдык гана көлөмдө машиналар чыгарылса, жарандардын суроо талабына ылайык 4 жарым литрлик техникалар да өндүрүлө баштаган.