Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто атайын кызматтын тергөөчүсүнүн кармалышы боюнча комментарий берди.
Министрлер кабинети менен облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы республикалык кеңешмеде Ташиев УКМК кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана атайын кызматтар менен биргеликте пландалган жана даярдалганын билдирди.
Айтымында, жарандан УКМК тергөөчүсү ири суммадагы акча талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз ага жеке тапшырылган. УКМКнын төрагасы айрым аткаминерлер жана ЖМКлар туура эмес маалымат таратканын белгилеп, бул үчүн алар жоопко тартылышы керектигин кошумчалады.