Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж

Ичүүчү сууга болгон тариф саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди. 

Айтымында, кийинки жылдан тартып ичүүчү суу тутумдарын жердин астынан өткөрүлөт. Бул суунун кыш мезгилинде тоңуп калуу коркунучунан сактайт. 

“Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. Учурда таза сууга болгон тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабайт”,- деди ал.