“Ар бир шайырдын аткарылган ар бир күүсүнүн кичинекей баяндамалуу бет ачарынан, күүнүн терең мазмунунан, элибиздин басып өткөн бүткүл тарыхый өмүр жолунан кабар алабыз. Аларда калкыбыздын бүтүндөй турмушу, элге, Ата Журтка болгон сүйүүсү, эрдиги, эмгекчилдиги, кайгы-капасы, бак-таалайлуу заманды эңсеген тилеги, эркиндик, теңдикти көксөөсү, каада-салты, ой-санаасы, жаратылышы, жайдары мүнөзү, тунук махабаты ...асыл касиеттери камтылган”
Балбай Алагушев КР эл артисти,этнограф, музыка таануучу
КҮҮНҮН БАШЫ “КАМБАРКАН”
Күүнүн башы “Камбаркан” дешет. Мени ушул суроо көптөн бери кызыктырып келет. Мен музыка таануучу эмесмин. Болгону тек окурман катары ушул суроого жооп издедим. Музыка.Күү.Обон. Тарых барактарын, маалымат булактарын аңтардым. Адамзаттын өнүгүп-өсүү жолунда музыканын жаралуу доорунун башталышы тээ түпкүргө 50 миң жылга ары барат экен. Этнографтардын изилдөөлөрүнө ылайык, калктын улам-улам бир аймактан бир аймакка көчүп, ыңгайлуу жерлерге отурукташуусу менен биргеликте алгачкы музыканын элементтери пайда болгон өңдөнөт. Колумда белгилүү музыка таануучу Балбай Алагушевдин “Кылымдардын кылдары” аттуу элдик аспапчы шайырлардын чыгармачылыктарына арналган очерктердин түрмөктөрү. Анда күү тарыхы “Камбарканга” байланыштуу маалыматтар бар. Кыскача гана токтолуп кетүүнү туура таптым.
Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабынын алгачкысы - комузубуздун формасы улам-улам өзгөрүп олтуруп, көптөгөн изденүүлөрдөн соң бүгүнкү күндөгү көрүнүшүнө келиптир. Уламыштарда бакка илинип, кургап калган ичегилер желге ыргалып, жагымдуу үн пайда болоорун байкаган Камбар мергенчи, Эне-Сай дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздардын Камбар аттуу каны тууралуу аңыз кепти айтсак өтө эле узак убакытты алабыз. Андан көрө кыскача гана маалыматка токтололу.
Комуз менен комуз күүсүнүн жаралуу тарыхы да “Уламаларда айтылгандай мергенчи Камбар да, кан Камбар... да кыйла кыйналуулардан, убаралануудан, изденүүлөрдөн кийин алгачкы музыкалык аспапты чабышыптыр. Ал өтө эле жөнөкөй болуптур. Коом өскөн сайын, анын түрү өзгөрүп, чертүү жолдору байып, аткаруу чеберчилиги да кеңейе, жетиле бериптир. Аспап болсо комуз деп аталыптыр. Ал эми Камбар черткен алгачкы күүнү анын балдары, неберелери, чөбөрөлөрү үйрөнүп алышып, бүгүнкүгө чейин “Күүнүн башы Камбаркан” делип чертилип, улуттук сыймыкка айланган комуз жаралган...Бирок, байыркы улама боюнча эмне үчүн күү “Камбар” эле делбей “Камбаркан” болуп калган” , - деп музыка таануучу Балбай Алагушев айтса;
“Бул артык сөз эмес,- деп айткан Мураталы Күрөңкөев музыковед В.Виноградов менен болгон маегинде: - Ал ардактуу сөз. Байыртан эле эл өздөрүнүн ырчы, күүчүлөрүн терең урматташып, өтө кадырлашкан жана кумарлана сүйүшкөн. Ал эми Камбар болсо эң туңгуч музыкант эле. Мына ошону - ойлоп табуучунун эмгегин эл жогору баалап, “кан” көтөрүшкөн. Камбар эч качан кан эмес, ал мергенчи болгон. Бирок, илгертен бери кыргыз эли ардактаган адамынын зоболосун көтөрүш үчүн “кан” деп келишкен. Ал эми, калкыбыздын ар бир шайыры кут тутуп “Камбарканын” чыгарып келе жатат. Мен өзүм да, атам да, Атай да, Калык да – баарыбыз тең өзүбүздүн “Камбаркандарыбызды” эл ыйык катары тутушуп, күүлөрдүн “каны” деп айтышаар эле. Балким “Камбаркан” мен уккандай күүлөрдүн каныдыр”,- деген. (Виноградов В. “Кыргыздын элдик музыканттары жана акындары” )
Демек, кыргыз элинин улуу күүчүсү Карамолдонун “Ар бир күүмдүн айтып болгус тарыхы бар, алар бир нерсеге багышталып чертилет” дегенине таянсак, “Камбаркандын” чечмелениши ушундай экен.
Балбай Алагушов:
“Мына ушундан улам, элибизде укум-тукумга “Күүнүн башы Камбаркан” деген күү чертилип калыптыр. Чындыгында эле “мен комузчу” деп кыл тырмагандын бардыгы (кичине, чоңуна карабай) алгач элдик “Туңгуч Камбарканды” үйрөнүшөт. Кийин атагы калк аралаган шайырлар да ар дайым, ар качан өз күүлөрүн аткаруудан мурда “Камбарканды” чертишет. Бул чыгарманын комузчулардын арасында бет ачар катарында зор урмат менен аткарылып, түрлөргө өтүшүнүн жөнү бар. Анткени, Муратаалы айткандай, ар бир комузчу Камбарканды бир чети эскеришип, бир чети урматтоо, сыйлоо максатында “Туңгуч Камбаркандын” нугунда өздөрүнүн жаңы түрдөгү, жаңы кайрыктардагы, жаңы мазмундагы “Камбаркандарын” да жаратышкан. Алсак, улуу устаттар Арстанбек, Күрөңкөй, Муратаалы, Ниязаалы,Токтогул, Карамолдо жана башкалар “Камбаркандардын” классикалык, кайталангыс үлгүлөрүн чыгарышкан. Комуз музыкасындагы “Камбаркан” аттуу күүлөрдүн бардыгы негизинен квинтага толгонуп чертилет. Бирок, ар кандай позицияларда, ыкмаларда, штрихтерде ойнолот”.
(Б.Алагушев “Кылымдардын кылдары” 2005)
Мына ушул күүлөрдүн тарыхы тууралуу кыскача маалымат алган соң, дүйнөлүк классикалык музыканын өкүлдөрү И.Бах,Л. Бетховен, Ф.Шопен, П.Чайковский,М. Мусоргский, С.Прокофьев,Д. Шостакович сыяктуу улуу таланттар менен катарлаш Карамолдо Орозов, Муратаалы Күрөңкөев, Ыбырай Туманов сыяктуу залкарлардын бар экенине бир эсе таң калып, бир жагынан аябай сыймыктандым. Дептерине нота белгисин түшүрбөгөн, бирок көкүрөгүнө океандай күү өнөрүн батырган кыргыз элинин уникалдуу экенине дагы бир жолу башымды ийдим.
Гүлмира Кулумбаева