Жаңылыктар
УТРК уктурууларын жайылтуу максатында техникалык ийгиликтерге жетишти
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК уктурууларын жайылтуу максатында техникалык ийгиликтерге жетишти

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө натыйжалуу шарттарды түзүү зарылчылыгы белгиленип, аймакка өзгөчө макам берилген. Бул алкакта Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясы Баткен аймагына мамлекетттик телекөрсөтүүлөрдү жана радиоуктурууларды камтуу аймагын кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу багытында иш алып барууда.

УТРК менен “РПО РМТР” Ачык акционердик коому эки тараптуу жетишилген макулдашуунун натыйжасында “Биринчи радио” жана “Кыргыз радиосунун” уктурууларын жайылтууга бел байланды. Мындай аракеттер чек арага чектеш аймактарга мамлекеттик радиоуктурууларды таркатууну жакшыртуу максатын көздөп, алгачкы жаңылануу аракеттери өзгөчө макамдагы Баткен облусунун аймагында ишке аша турган болду.

УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиевдин айтымында, эки тараптуу бул аракеттер ишке ашып, УТРКнын радио уктурууларынын натыйжалуулугу артып, элди кыргыз тилиндеги уктуруулар менен камсыздоо жана эң башкысы чек арага чектеш Баткен облусунун аймагында маалыматтык коопсуздукту сактоо милдеттери аткарылат.

“Бул максатта радио толкундарын таркатуучу аз кубаттуулуктагы ретрансляторлор орнотулуп, УТРКнын курамындагы радиоуктуруулар FM диапазону аркылуу таркатыла баштайт, - дейт “РПО РМТР” Ачык акционердик коомунун башкы директору Алмаз Жолоров.

УТРКнын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары Болот Тилебаевдин жетекчилигинде аткарылып жаткан бул аракеттер мамлекеттик бюджеттен ашыкча каражатты талап кылбайт жана бөлүнгөн каражаттарды туура жана сарамжалдуу пайдалануу максатын көздөйт.

“Быйыл Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш аймактарына УТРКнын радиоуктуруулары аркылуу кыргыздын идеологиясын, тилин, маданиятын жаңыртып туруу милдетин “РПО РМТР” менен бирдикте ишке ашырабыз деп турабыз”, - деп кошумчалады Б.Тилебаев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү УТРКда жүрүп жаткан эл аралык техникалык аудит өз ишин жыйынтытады. Натыйжада модернизацияга муктаждык боюнча документтер кабыл алынды. Ошол эле учурда техникалык инвентаризациялоо боюнча ички аудит да аяктоонун алдында турат. УТРКда болуп жаткан мындай аракеттер жаңы технологияга өтүү максатын көздөйт.