Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынан алкагында Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишкансынын жаңыланган техникалык базасы менен таанышты.
Мекеменин жетекчилиги 2025-жылга чейинки стратегиялык планы боюнча маалымат берди. Анда Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо, жылдык өндүрүштүн көлөмүн 500 миң тоннага көтөрүү мерчемделүүдө.
Акылбек Жапаров заводду жаңылоо иштерин ыкчамдатууну тапшырып, ага жумшалуучу каражатты тартууга колдоо көрсөтүлө турганын билдирди.
Ишкана былтыр 178 миң тонна нефть, 29 миллион куб газ өндүрүп, таза кирешеси 3 миллирад 348 милион сомду түзгөн.