Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстан курамасы 2023-жылы болчу Азия чемпионатындагы атаандаштары белгилүү болду.
Чучу кулак 19-январда Куала-Лумпур шаарында өттү (Малайзия). 16 команда 4 тайпага бөлүндү.
Кыргызстан курама командасы D тайпасында Оман, Палестина жана Кувейт курамасы менен беттешет.
Турнир 16-26-март аралыгында Таиландда болот.
Тайпалар
А тайпасы: Таиланд, Бахрейн, Афганистан, Сауд Аравия
В тайпасы: БАЭ, Иран, Малайзия, Өзбекстан
С тайпасы: Жапония, Ливан, Кытай, Индонезия
D тайпасы: Оман, Палестина, Кувейт, Кыргызстан