Жаңылыктар
“Мөлмөлүмдүн” багын ачкан Малик эле...
Кыргызстан жаңылыктары
“Мөлмөлүмдүн” багын ачкан  Малик эле...

1986-жылдын декабрь айы аяктап калган...Фрунзе шаарындагы Кыргыз драма театрынын сахнасына тепейген, кенедей боюна комузу жарашкан сары чийкил бала чыга келди. КТРдин “Мыскыл жана тамаша” концертинин алып баруучулары “Эл ырчысы – Эстебес” тобунун ырчысы Малик Аликеев деп жарыялашты. Ал учурда бул ысым – көпчүлүккө тааныш эмес эле... Микрофонго келип ырдайын десе бою жетпейт. Же ал микрофон азыркыдай узарып-кыскарбайт, залда жык-жыйма эл. Сүрдөдү, ошентсе да ичтеги жанар тоодой катылган обон жарылчудай болуп турду.

Атактуу Барпы акындын махабаттын туу чокусу болгон ырларынын бири “Мөлмөлүм” бир заматтын ичинде Маликтин аткаруусунда жаңы ыргак, жаңы шаң, түстүү боекко боелгондой, сыйкырдуу үн - көрүүчүлөрдү эстен тандыргандай болду. Ыр ырдалып бүткөндө залдагы эл бир азга тыптынч боло түштү да, деңиздеги бийик толкундун үнү жаңыргандай, ырчыны кубаттаган үндөр  залды толкутуп, көптөн бери мындай сыйкырдуу, кайталангыс чеберчиликте  аткарылган ырга суусап турган ыр ышкыбоздору улам-улам кол чаап, Маликти сахнадан кетиришпей үч жолу катары менен  ырдатышты. Суктанышты. Чиркин, уучубуз куру  эмес экен! Кайран Барпы акын тирилип келгендей болду го! Акындын  махабаты - Мөлмөл сулуунун образы Маликтин аргендей, тунук добушунун ажарын ого бетер ачып, кулпунтуп жиберди. Ошол жылдын ошол күнү кыргыз сахнасында Малик  Аликеев деген бийик ысым пайда болду. Ошол учурда 17 жашта гана болчу. Барпынын махабатын - жүрөгүнүн ар бир кан тамырынын согушу менен коштоп, даңктап  ырдады. Аз күн өтпөй кыргыз телевидениесинин ошол кездеги “Таанышып коюңуздар” деген жарым сааттык көрсөтүүсүнө тартылып, бүт республикага ысымы тарап, жүзү, үнү тааныла баштады.

“Ата өнөрү балага” дегендей Маликтин атасы Жунуш убагында филармонияда Атай, Осмонкул, Эстебес өңдүү ошол доордун залкарлары менен иштешип калган. Комузчу, обончу, ырчы болгон. Уулу Маликке чакандап комуз чаап берип, күү черткенди үйрөткөн. Устаты болгон атасынан Малик беш жашында айрылып, балалык назик жүрөгү жараланды. Чыгармачылыкка багыт берүүнү апасы Калемкаш Аликеева улантты. Калемкаш апа өзү да ырдаар эле, тунук үндүү, ыр-күүгө шыктуу болуп, дайыма “атаңдын жолун жолдогун” деп шык, дем берип келген.

Атасы чаап берген комузун колуна алып:

“Толукшуп жаткан кең жайлоо,

Тоолуктун малы жайласын,

Томсоруп ыйлайт Малигиң,

Торгоюм атам  кайдасың?”- деп  мектепте, үчүнчү класста окуп жүргөндө апасы үйрөткөн ырды муңканып ырдады, ыйлады. Атасын жоктоо ыры Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган “Он үч жашар  баланын арманы” аттуу  ыр менен уланып, ал ырды ырдаганда ыйлабаган адам калган эмес. Дастанчылык   өнөрү да мектепте окуп жүргөндө эле билинип, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” дастандарын ийине келтире айтчу.

Малик Аликеев 1986-1988-жылдары филармониянын эки жылдык студиясында окуп, “Эл  ырчысы – Эстебес” тобунда иштей баштайт. Ал топту 1986-жылы айтылуу ак таңдай төкмө  акын, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын калк акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эстебес Турсуналиев уюштурган. Андан да кызыгы -  ак таңдай төкмө,  Эстебес акын Маликтин атасы Жунуш аксакал менен  гастролдоп жүрүп, алардын үйүндө мейманчылап конуп калышат. Кош бойлуу Калемкашка “Эркек уулдуу болуңуз. Ал эл суранган бала болсун. Комузуна  тагып бериңиз” деп өздөрү жеген койдун ичегисинен комуздун кылын ийрип берип, батасын берген экен деп эскерет Малик Аликеев. Айтайын дегеним, Малик Аликеевдин “Эл ырчысы –Эстебес” тобунан атагы чыгып, аты дүнгүрөгөнү - батанын касиетинин күчтүүлүгүнөн болсо керек го!

Малик Аликеев Атай, Муса, Жумамүдүн сыяктуу ырчылардын салтын улап, көптөгөн  обондорго жаңы өмүр тартуулады. Ал Барпынын “Мөлмөлүнөн”  башка  Шекербектин “Таласым”, “Арзыкан”, Т.Турдалиевдин “Жылкычынын  ыры”, Экия Мукамбетовдун “Айтылбай ичте сыр калды”, Эстебес  Турсуналиевдин “Андалек”, кытайлык кыргыздардын “Сардал кыз” аттуу ырларын ырдаганда кадимкидей күйүп-жанды, образ берди, жүрөгүнө кыттай уютуп, толкуду, ташыды, төгүлдү...

Мектепте айткан дастандарынын көлөмүн көбөйттү, “Гүлгаакы” дастанын айтып, ошол доордун ырчысынын кейипкерин түзө билди.

Малик Аликеев жөн эле ырдабайт, ал ырдап жатканда  өзгөчө жагымдуу, келбеттүү боло түшөт. Үнүнүн тунуктугу бир укмуш, элге алымдуу да, жагымдуу да.

Ал сонун ырлары менен гастролдо көп болду. Кыргыз обонунун ажайып түсү, дүйнөсү кандай экенин башка тилдеги, башка улуттагы  адамдарга жеткире билди.

Малик Аликеев 2020-жылдын 28-августунда Президенттин Указына ылайык  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти” ардактуу наамын алды. Мамлекеттик бул сыйлык – өмүрүнө дем берип, жашоо ирмемин бир аз узарткандай болду окшойт.

2021-жылы “Мөлмөлүм” аттуу чыгармачалык концертин Бишкекте жана Талас шаарында өткөрдү.

Акыркы концерти 2022-жылдын 4-декабрында улуттук филармонияда 92 жаштагы апасы Калемкаш Аликеева менен биргеликте болду. Эл кубанып, Маликтин оорудан сакайып кетишин тилешти, ал күн - атактуу  уул менен  акылман эненин өзгөчө  дуэтинин бет ачаары  эле...Анан  көп узабай... быйылкы кыштын ызгаар суугундай суук кабар угулду...

Аттиң, 2023-жылдын 17-январында -  жаркылдаган, кайталангыс обондун, үндүн ээси Малик Аликеевдин үнү катты  – булбулдун үнү катты,кайрылбас жайга кетти... Ал  6-июнда  54 жашка толмок,  чыгармачылыгы  толуп-ташып турган куракта болчу.Калемкаш апа кыргыз элине кайталангыс, өтө таланттуу уул төрөп берген...

Малик Аликеев менен  коштошуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Талас облусундагы Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында болоору айтылды.

                                          Гүлмира  Кулумбаева