Кыргызстанда 1 миң 865 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ичинен 47си убактылуу жабылды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Нарын облусунда 22 бала бакча, Чүй облусунда 5, Таласта 1, Жалал-Абад облусунда 17, Баткен дубанында 2 бала бакча сууктан улам ишин токтотту. Ат-Башы районунда 21 мектеп менен Майлуу-Суу шаарындагы билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Жалпы 200 мектеп аралыктан билим берүүдө.