Майлуу-Суу шаарындагы №1 откана ишке кирди. Жашоочуларга четинен жылуулук бериле баштады. Бирок, айрым көп кабаттуу үйлөргө аны жеткирүүгө мүмкүн болбой жатат. Себеби суу түтүктөрү тоңгон. Тиешелүү кызматтар ал куурларды ээритип, жарылгандарын алмаштырып жатышат. Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында таза суу менен жылуулук берүү үзгүлттүккө учуруп, 13-январда шаарга өзгөчө кырдаал киргизилген.