Маанилүү маселелерди чече албагандар кызмат орундарын бошотушу керек. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапары учурунда дал ушундай талап койду. Ал бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.