Жаңылыктар
Бишкекте №84 мектептин окуучулары чач тарач, тигүүчүлүк өнөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте №84 мектептин окуучулары чач тарач, тигүүчүлүк өнөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алды

Бишкек шаарындагы №84 Ж.Садыков атындагы орто мектепте атайын заманбап жабдуулар менен жабдылган "Технология" жана "Чач тарач" кабинеттеринин салтанаттуу ачылышы болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган мектептин окуучулары мектепте чач тарач жана тигүүчүлүк өнөрүн үйрөнүшөт.

"Окуу программасын аяктаган соң окуучуларга сертификат берилип, ага ылайык жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.