Жаңылыктар
Юридикалык кеңеш берүүчү "114" ыкчам байланыш номери иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Юридикалык кеңеш берүүчү "114" ыкчам байланыш номери иштей баштады

Кыргызстанда консультациялык-укуктук жардамды берүүчү "114" ыкчам байланыш номери иштей баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, байланыш номери Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан бүгүн, 17-январда ишке берилди.

""114" ыкчам байланыш телефонун ишке киргизүүнүн максаты — калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле аны көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Чалуулар республиканын бардык аймагындагы жарандар үчүн жеткиликтүү жана акысыз.

Министрликтен кошумчалашкандай, шыр байланыш БУУӨПтүн жана "Теңдик нуру" демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылды.