Бишкекте Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери баңгизат колдонгону аныкталып, камакка алынды.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кармалган милиционердин кызматтык формасынын сол чөнтөгүнөн желим баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле милиция кызматкерин Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизат колдонгону аныкталган. Андан тышкары, ал баңгизатты сатып алган дарегин айткан.
Көрсөткөн дарек боюнча Бишкек шаарынын “Жал” кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык зат алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонгон Бишкектин дагы 4 жараны шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.