Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көмүрдү жарандар Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, 6 дарегинен ала алат. Суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулган.