Жаңылыктар
Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду

"Жалалабатгаз" коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын суукташына байланыштуу "Узтрансгаз" жана "Кыргызнефтегаз" ишканалары тарабынан Жалал-Абад шаарына берилип жаткан газдын басымы төмөндөп, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына газ жетпей жатат. Мындан улам "Жалалабатгаз" ишканасы шаардагы коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту.

Белгиленгендей, газдын басымы жогорулгандан кийин, газ берүү кайрадан уланат.