Жаңылыктар
Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 15-январда түнкү саат 04:32де катталган.

Жер титирөө Бар-Дебе айылында 3,5 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.