Жаңылыктар
С. Жапаров: "Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров: "Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз

Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар коңгуроо кагышууда. Ал эми электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүп жатат. Кыргызстандын бул жаатта мүмкүнчүлүгү кенен, сууга бай өлкө деген менен, ал дараметтин 10 гана пайызы колдонулаары анык. 30 жыл мурда өлкө электроэнергиясын экспорттосо, азыр импорттоого көз каранды. Камбар-Ата 2 ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес.