Майлуу-Суу шаарында үзгүлтүккө учурган жылуулук менен ичүүчү суу калыбына келтириле элек.
Жеринде жарандык коргонуу жана башка тиешелүү кызматтар кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Бирок катуу сууктун кесепетинен суу түтүктүн ичинде тоңгон муздарды ээритүү мүмкүн болбой жатат. Мындан улам 13-январда шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.