Кыргызстанда Түркиянын белгилүү Мусиад ассоциациясы ишмердүүлүгүн баштады.
Мусиад дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүндө жүздөй бөлүмдөрүн ачкан. Тармакта жалпы 2 млн ашык адам жумуш менен камсыз болушкан. Мусиадга азыркы тапта 16 компания мүчө болуп биргеликте эл аралык деңгээлде кызматташууга кызыкдар. Медицина, туризм, билим берүү, соода жүгүртүүдө ишканалар ассоциация аркылуу Түркияда ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландоодо. Мусиаддын расмий кеңсесинин ачылышына карата Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн түрк ишкерлери, жергиликтүү бизнес өкүлдөрү катышты. Алар бир жыл аралыгында эки тараптуу соода-алаканын көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт.