Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев менен Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов видеоконференция режиминде сүйлөштү.
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Анда негизги тема катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган иш сапарына даярдык көрүү каралган. Ошондой эле Бишкек шаарында эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү маселеси талкууланган. Мындан сырткары, тараптар Кыргызстанга Өзбекстанда өндүрүлгөн курулуш материалдарын ташуу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү сыяктуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышкан.