Жаңылыктар
Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.

 "Бүгүн биз өлкө турмушундагы маанилүү майрамдардын бирин белгилеп жатабыз. 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекетик герби бекитилген. Алтын шоола улуу Күн, ак мөӊгүлүү Ала-Тоо, көйкөлүп жаткан Ысык-Көл, канат каккан Ак шумкар чагылдырылган.

Мамлекеттик герб – эгемен Кыргызстандын башкы символдорунун бири.

Ал ушунча жылдардан берки жаралган бардык жакшы жактарыбызды жакындан коштоп келет. Буюрса, Кыргызстандын эгемендиги кошо жаралган Мамлекеттик гербине, мындайча айканда, башкы эн белгисине келерки жылы 30 жыл болот. Мына ушул жылдар аралыгында да Кыргызстандын жакшылык-жамандыгы менен бирге болуп, жетишкен ийгиликтерин ар дайыма коштоп келди. Эгемендикке ээ болгону мамлекеттик башкы символдорубузду бийик көкөлөтүп, кыргыздын нарк-насилинин, каада-салтынын бир катары башыбызды ийдик. Ал өнүгүп-өсүүнүн, кайра жаралуунун жышааны экенин тана албайбыз. Мамлекеттик эн белгиде өтөлгөлүү өмүр, жарык дүйнө, учкул кыялдарыбыз толугу менен көркөм чагылдырылган. Менимче, Кыргызстандын Мамлекеттик герби көркөмдүк-эстетикалык жагынан геральдика илиминин бардык талаптарына толугу менен жооп берет. Биз Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки эки-үч муундун өмүрүнө таандык мезгил аралыгында ушул символдор менен бирге жашап, бирге туруп келебиз. Бүгүнкү күнү кыргыз журтун жалпы дүйнөгө тааныткан, түндүгүнөн улуу күндүн алтын нуру куюлган Мамлекеттик гербибизди жүздөн ашуун өлкө тааныйт. Ал аркылуу биз жүздөгөн элдерге таанымал болдук. Сиздерди дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби менен куттуктайм. Сиздерге бейпил, бакубат жашоо, ишиңерде ийгилик каалайм!"- деп айтылат мамлекеттик катчынын куттуктоосунда.