Быйыл 2 миңдей кыргызстандык Улуу Британияда убактылуу ишке орношо алат.
Бул тууралуу келишимге 31-декабрда кол коюлганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди. Алты айлык программа боюнча Улуу Британиянын фермаларында 18-46 жаштагы кыргызстандыктар иштей алат. "Жумушчулар саатына 10 фунт стерлинг же 1 миң 40 сомдун тегерегинде алышат", — деп айтылат билдирүүдө. Каттоо 2023-жылдын 17-январында саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Арабаев окуу жайынын имаратында жана ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин имаратында жүргүзүлөт.