Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын “Кемин" көмөкчордону Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоодо. Катуу суукка байланыштуу, кызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө туруп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда ал 960 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тейлейт.