ММА боюнча Кыргызстандын белгилүү мушкери, жеңил салмак ченде Eagle FC уюмунун мурдагы чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу Таиландда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Бул туурасында спортчу Арена программасында маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, март айында боло турган беттешке карата Таиландда бир жарым, эки айга чукул убакыт “Tiger ММА” спорт клубунда машыгууларын өткөрөт. Бусурманкул Абдибаит уулунун EFC уюмунда бир гана беттеши калды. Ал чемпиондук титул үчүн кайрадан орусиялык Расул Магомедов менен кезигиши ыктымал.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу соңку таймашын EFC-49 мелдешинде өткөрүп, анда Магомедовго калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калган.