Жаңылыктар
Кыргызстанда рейтингдик турнир өтөт
Спорт
Кыргызстанда рейтингдик турнир өтөт

2023-жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча “Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев” аталышындагы рейтингдик турнири өтөөрү пландалууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук Олимпиадалык Комитети билдирди. Иш-чаранын алкагында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпы 30 медалдар топтому ойнотулат.

Бүткүл Дүйнөлүк Күрөш уюмунун эл аралык календарына кирген бул турнирде балбандар упай топтоого мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстандан тышкары 2023-жылы Хорватиянын борбору Загреб шаарында, Египеттин Александрия шаарында жана Венгриянын борбор калаасы Будапештте дагы рейтингдик турнирлер уюштурулат.