Жаңылыктар
Мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук каражат бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук каражат бөлүндү

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө рекорддук 33 млрд 606 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Төлөмдөрдүн эң көбү тышкы карызга туура келген – 22 млрд 113 млн сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү. 

Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.