1-февралдан тартып патент боюнча иштөөдө өзгөртүүлөр күчүнө кирет.
Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ушул жылдын 1-февралынан тартып патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86дан 67 түр калат.
Анын ичинде жеке ишкердик иш – 56 түрүнөн 34кө чейин кыскарууда, ал эми жеке эмгек ишмердиги, тескерисинче, иштин 3 түрү менен толукталып, 30дан 33кө чейин көбөймөкчү.