Нарын облусунун Кочкор районунда 11,46 гектарга бардык шарты менен заманбап мал базар курулуу пландалып жатат. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.
Дубандагы өкүл Алтынбек Эргешов Кочкорго жасаган сапарында жаңы курула турган мал базардын баштапкы долбоору менен таанышты.
Райондун акими Эрмекбай Омошев билдиргендей, Кочкор районунун Ак-Кыя айылына курула турган мал базарга 250 баш жылкы, 300 баш бодо мал, 800 баш майда жандык бата тургандай салынат.
Мындан сырткары, 58 жүк ташуучу, 400 жеңил унаа бата турган жай курулат. Учурда жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат.