2022-жылы өлкө боюнча лизингге 3 млрд сомго 983 даана техника берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусуна 1 млрд 114,4 млн сомго 282 техника берилген. Ысык-Көл облусуна 613,9 млн сомго 232, Ош облусуна 504,5 млн сомго 159, Жалал-Абад облусуна 400,7 млн сомго 157, Талас облусуна 137,1 млн сомго 62 техника берилген. Нарын облусунда 64, Баткенде 25 техника лизингге сатылган.