Жаңылыктар
Мектептерге жаңы сабак киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге жаңы сабак киргизилет

Кийинки окуу жылынан тарта Кыргызстанда "Мен жана дүйнө" деп аталган жаңы сабак киргизилет. Бул туурасында Билим берүү жана илим минстри Уланбек Мамбетакунов "Министр менен бир жарым саат" деп аталган түз эфир учурунда айтты. 

Кыргыз билим берүү академиясы жаңы предметтин мазмунун даярдап, иштеп чыкты. Мында турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика, мекен таануу предметтери бириктирилген.