Жалал-Абад шаарында күнү-түнү жолдор, тротуарлар кардан тазаланып, кум, туз себүү уланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар тазалоого мэриянын жол башкармалыгы, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан жана "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинен жалпы 10 техника, 60ка чукул жумушчу тартылган.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен шаардагы тийиштүү мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте, нөөмөт менен иш алып барууда.