Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта айтылгандай, комитеттин Ош шаары жана облус боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, тургундан 4 миң АКШ долларын талап кылган.
11-январда 86 миң сом өлчөмүндө акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.